«Жабыркагандардын абалы оор». Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, 65 жаштагы киши көз жумду

Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында Honda CR-V менен Mercedes Benz Sprinter унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган эркек киши каза болуп, 6 адам жабыркаган.

«Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилген. Абалдары учурда оор деп эсептелинет»,- деп айтылат маалыматта.