Жалал-Абадда кармоо учурунда атасына болушкан бала ооруканада

27-мартта социалдык тармактарда Жалал-Абадда кармоо болгонун жазып, видео менен бөлүшүштү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришкен.

«Ноокен РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4-март күнү саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында менчик күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран таш, кыш, таяктарды курал катары колдонуп, зомбулук көрсөткөндүгүн, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок ал келбей жүргөн. 27-март күнү саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарында кылмыш ишине шектелген жарандардын бири милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен кара күч колдонулган. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат. Кылмыш ишине шектүү катары кармалган жаран камакка алынды»,- дешкен.

Ал арада Жалал-Абад милициясы көчөдө кармалган жаран катышкан видео менен бөлүштү. Видео 4-мартта тартылган жана шектүү катары кармалган жаран кароолчуларга кол көтөргөн. «Кочкор-Атадагы базарды 2 бир тууган талашып жатышкан. Бирөөсү жеке күзөтчүлөр менен келишим түзөт. Алар кайтарып, базар ээси баргыча ачтырбай турушу керек болгон. Ээси баргыча контейнер ээлери күзөтчүлөргө кол көтөрүшкөн», — дешти милициядан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине атасына жардам берүүгө аракет кылган баланын ооруканада экени маалым болгон. Бул маалыматты редакцияга облустук милициядан тастыкташты.

Кыйноолорду алдын алуу борбору окуя боюнча Башкы прокуратурага 2 пункт боюнча кайрылуу даярдап жатканын билдирди. 

— Милиция кызматкерлери тарабынан кармоо учурунда ден соолукка атайылап зыян келтирүү.

— Бейбаштыкка шектелген адамды кармоого тартылган күчтүн (атайын күчтөрдүн тобу) көптүгү.

«Мындай кырдаалда милиция кызматкерлери тарабынан шектүүгө жана анын уулуна карата кармоо учурунда ашыкча физикалык күч колдонуу, жок эле дегенде, катаал мамиле катары каралышы мүмкүн», — дешти.