Жалал-Абад шаарында интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, “Притон” аталышында жүргүзүлүп жаткан иш-чарасынын негизинде, массаж жасоого кызмат көрсөтөбүз деген аталыш менен сойкулук менен алектенүүгө көмүскө жай уюштуруп жүргөн кыздар тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин алкагында Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде, 1991-жылы туулган Б. кызы Д. жана 1985-жылы туулган Г.К. аттуу тургундары аныкталган.
Ошондой эле Б. кызы Д. “Токалка” сайтында 2025-жылдын февраль айынан бери интимдик кызматтарды көрсөтүп иштеп жаткандыгын жана Г.К. 2020-жылдан тартып интимдик кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жүргөндүгү маалым болгон. Учурда териштирүү иштери улантылууда.