«Жумушуна жеткирип коём деп…» Сокулукта 16 жаштагы кыз зордукталды

Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

5-декабрь күнү Сокулук РИИБге белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген.

Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Окуя болгон күнү Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБдин имаратынын алдына чогулушкан. Аларга Сокулук РИИБдин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөөрүн билдирген соң чогулгандар таркап кетишкен. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.