Активист Роза Маманова Ош облустук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынган.