«Өткөн жылы сентябрь айында Кадамжай районунда кыз зордукталган, кылмышка шектелип 4 киши кармалган. Анын экөө абакта каза болду», — деди депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин жыйынында.
«Ошол каза болгон кыздын атасы мага кайрылды. Ушул күнгө чейин сот боло элек экен. Атасы азыр өзү да ооруп, соттон сотко чуркап жүрөт. Ата-энеси суранып жатат, мыйзам чегинде карап, өкүм чыгарып беришсин», — деди ал.
4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.
Тортунчу шектуунун куноосу жок Кудайдын аты менен касам ичип айтабыз ошол куну достору менен чогуу бир досунун уйундо ашарда болгон аны уйдун ээси (атасы) кошуналары коргон. Бала чакалуу уйбулолуу туура жолдо жургон уйбуло аксакалы (атасы авариядан каза болгон). Кылмышка шектуу М.Ш. анын машинасын сурап айдап кеткен. М.Ш. Айдананын суйлошкон жигити аны Айдананын тайэнеси женелери да билген экен. Кылмышка шектуу М.Ш сизодо асынып алды.
Урмпттуу журналистер кабарчылар сураныч жардам берип коюнуздар биздин ун жогору жака жетпей жатат.
Айдананы Аллах ырахмат кылган болсун!!! Менин да кызым бар, куноллуу адамды куноосуз деп чырактай кыздын убалына калгандан корком Кудай сактасын! Тортунчу шектуу Г.Д. ошол жерде болгондо кылмышты токтотуп калмак.