SerepTV Logo

6 адамдын өмүрүн алган Токтогул районундагы жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө

6 адамдын өмүрүн алган Токтогул районундагы жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө
 
1-сентябрда Токтогул районунун аймагында жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Окуянын себептерин жана бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгына алып келген жагдайлар, ага катышкан адамдардын аракеттери жана башка жагдайлар толук иликтенет. Учурда Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
SEREP MEDIA