"Ооба, түз эфирде мүчүлүштүктөр кетти". Ачылыш аземдин алып баруучусу Эркин Нурбаев үн катты
"Ооба, түз эфирде мүчүлүштүктөр кетти. Айтылган сөздөрдүн арасында кемчиликтер болду. Муну жашырып же актануунун кереги жок". Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин алып баруучуларынын бири Эркин Нурбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер, ата-туугандар! Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
"Урматтуу мекендештер, ата-туугандар! Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
Быйыл Кыргызстаныбыздын эгемендүүлүгүнө 35 жыл толду. Менин да жашым 35ке жакындап калды. Өмүрүмдүн дээрлик жарымын сахнага, микрофонго, алып баруучулук өнөрүнө арнаган адам катары бүгүнкү күн мен үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүн Кыргызстан дүйнөгө өзүн көрсөттү. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы — жөн гана концерт же шоу эмес. Бул өлкөнүн жүзү, маданияты, тарыхы жана бүгүнкү Кыргызстаны дүйнөгө көрсөтүлгөн чоң сахна болду. Бул ишке эмгек кылган ар бир адамга — режиссёрдон тартып техникке, артисттен тартып сахна артындагы кызматкерге чейин — чоң рахмат.
Ал эми алып баруучулар тууралуу. Ооба, түз эфирде мүчүлүштүктөр кетти. Айтылган сөздөрдүн арасында кемчиликтер болду. Муну жашырып же актануунун кереги жок. Бирок бир нерсени түшүнүү маанилүү: түз эфир — ката кетирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген, ошол эле учурда ката кетиши мүмкүн болгон эң оор формат. Сахнада бир нерсе күтүлгөндөй болбой калса — ошол замат реакция кылышың керек. Кадр сыртында көйгөй жаралса — аны көрүүчүгө сездирбей жаап кетишиң керек. Программа өзгөрсө — секунданын ичинде ыңгайлашасың. Биз дал ошол шартта иштедик. Ошондуктан сын-пикирлерге таарынбайм. Тескерисинче, кабыл алам. Себеби чоң иштин ичинде жоопкерчилик да чоң болот.
Бирок бүгүнкү кечеде кеткен бир нече мүчүлүштүк бүтүндөй эмгекти жокко чыгарбашы керек деп ойлойм.
Кыргызстан мындай масштабдагы дүйнөлүк иш-чараны биринчи жолу өткөрүп жатат. Биз үйрөнүп жатабыз. Өсүп жатабыз. Ката кетирип, андан сабак алып жатабыз.
Эң негизгиси — бүгүн биз Кыргызстанды дүйнөгө көрсөттүк. Ушул тарыхый кечени биз менен бирге түз эфирден көргөн, колдогон, сын айткан жана толкунданган ар бириңиздерге рахмат. Бул биздин жалпы тарыхыбыз. Кыргызстаныбыз аман болсун. Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун! Бар болуңуздар!" - деп жазыоат билдирүүдө.