Кадамжайда тоо тарапты көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды
Баткенде дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
6-сентябрь күнү Кадамжай шаарынын 21 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып, тоо тарапка кеткен бойдон дайынсыз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kadamjaida-15-jashtagy-ospyrym-too-tarapka-ketken-boidon-daiynsyz-boluuda/"> болуп жаткан. 7-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейин ӨКМдин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлуп, натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 9-сентябрда издөө иштерин жүргүзүү учурунда жогоруда аталган жарандын жансыз денеси Кадамжай шаарынын четинен агып өткөн Нургазиев каналынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.