Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» партиясынан шайланган депутаты Амантур Мусагул уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, анын мандаты партиялашы Сыргак Майрамбек уулуна өткөрүп берилген.
Буга чейин УКМК маалымат таратып, алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалганын билдирген. «Бишкек шаардык кеңешинин депутаты 2024-жылдын октябрь айында шайлоо кампаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны ээлеп алган»,- деп айтылган маалыматта.