Ысык-Көлдө унаа токтотуучу жайдагы Infiniti үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 9-май күнү Каракол шаарындагы Коёнкөзов көчөсүндөгү короодо саат 19:20 чамасында унаа токтоочу жай күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Каракол шаарынын 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылган.
Тилсиз жоонун кесепетинен унаа токтоочу жай жана Infiniti үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрт саат 19:40та чектөөгө алынып, 20:15те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.