Опера жана балет театрынын башкы директору кармалды

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын лизингдик ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, театрдын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды», — дешти.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.