«Кыргыз алтындын» башчысы Элмырза Укубаев 12-апрелге чейин камакта болот

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кыргыз алтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Элмырза Укубаевге карата баш коргоо чарасын карады. Ал 12-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал кызматынан бошотом деп коркутуп, директорлор кеңешинин мүчөсүнөн эмгек акысынын 75 пайызын талап кылган деп айыпталып жатат.

Учурда тергөө иштери уланууда.