Тактап айтканда, М.З.Ж. аттуу Кыргыз жараны өзүнүн шериктери менен 8 автоунаага жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары легалдаштыруу жана сатуу үчүн «Каркыра-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылышкан. Атайылап жасалма документтерди колдонуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда кармалган М.З.З. аттуу жаран Каракол ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды
12-апрель күнү саат 19:00 чамасында Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну 29 жаштагы А.к.А. аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу...












