УКМК тарабынан чет элдик жаранды барымтага алуу, андан акча талап кылуу, баңгизаттарды сактоо жана колдонуу, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Египеттин 5 жараны кармалды.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар социалдык тармактар (Telegram мессенджери – Трава шоп группасы) аркылуу «гашиш» баңги затын системалуу түрдө сатып алуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталды. Тагыраагы, Бишкек шаарынын бардык райондору боюнча топтун администратору тарабынан берилген даректердин негизинде заклад чогултулуп, тиешелүү дозалар менен чет өлкөлүк студенттерге сатылган. Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баңги заттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны Ш.А.Х. Биринчи май райондук сотунун токтому менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....