Кызыл-Кыяда жаран Лексус унаасын таппай калган. Шектүү катары 18 жаштагы жигит кармалды

Мурда соттолгон жаран унаа урдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы тургуну 30-март күнү таңга маал короосундо токтотуп койгон Лексус 330 маркасындагы унаасын белгисиз жаран айдап качып кеткендигин билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБге Кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уурдалган унаа 31-март күнү Ноокат районунун Көк-Жар айылынын талаасынан табылып, унааны таштап изин жашырып кеткен жаранды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштайт.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 18 жаштагы мурда соттолгон тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып, кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.