Ош ОИИБ: Бала бакчадагы окуя боюнча видеого тиешеси бар жарандар суралды
28-апрель күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагындагы бала бакчалардын биринде жетекчи менен тарбиячы кайым айтышып, урушуп жаткан видеотасма тараган. Бул...
Лебединовкадагы кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш курамынын жоктугу боюнча тергөө токтотулган. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жабырлануучуну суракка алышкан, ал шектүү менен эки жарым жылдай дос болгонун, алар үйлөнмөк болушканын айтышкан, бирок ата-энесинин ортосундагы пикир келишпестиктен улам, той болбой калып, кыз ага өз ыктыяры менен барган. Экспертизалар денеге эч кандай зыян келтирбегенин көрсөткөн. Чогулган материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүш токтотулган.
6-майда Лебединовка айылындагы «Шекер» дүкөнүнүн алдынан Изат Курбанованы уурдап кетишкенин айтып, сиңдиси милицияга арыз жазган. Кийинчерээк окуя болгон жерде тартылган видео тараган. Эртеси соцтармактарга кыздын видеосу жарыяланган, анда ал уурдаган бала жигити экенин айтып, ата-энесинен кылыгы үчүн кечирим сураган. Ошол эле күнү кечинде ал Беш-Күнгөй айылындагы үйлөрдүн биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген болчу. Ал эми кылмышка шектүү милицияга өзү барган.
28-апрель күнү социалдык тармактарда Өзгөн районунун аймагындагы бала бакчалардын биринде жетекчи менен тарбиячы кайым айтышып, урушуп жаткан видеотасма тараган. Бул...
26-апрель күнү саат 10:00 чамасында Баткен РИИБне Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну 45 жаштагы К.А. өзүнүн...
24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...
Ленин РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмгө карата денеге залал келтирүү фактысы аныкталды....
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Коёнкөзов көчөсү, 75
Реклама бөлүмү
+996 (220)
88-29-29
+996 (222)
88-29-29
reklama@serep.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.