Буга чейин жактоочу Кайсын Абакиров экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова соттун чечими менен акталганын билдирген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалыматты Ысык-Көл облустук сотунан тастыкташты. «Жети-Өгүз райондук сотунун 4-апрелиндеги өкүмү менен Мээрим Тилекова Жазык кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөсүз деп табылып, анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган», — дешти.
УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген.