Социалдык тармакта Сүлүктү шаарында жаңыдан дайындалган шаардык кеңешинин төрагасынын үстүнөн даттанган аялдын кайрылуусу боюнча Баткен ОИИБден маалымат беришти.
27-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Сүлүктү шаарынын 48 жаштагы тургунунун жашаган турак үйүнүн астында белгисиз унаа сигнал берип, сурнайдын үнү чыккан. К.Ч. тынчы кеткенин айтып, ошол унаадагы таанышын милицияга алып бара жатканда жолдон жаңыдан шаардык кеңешке төрага болуп шайланган 53 жаштагы А.Б. токтоп турган унаасынан түшүп аны уруп жибергендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Бул арыз 27-ноябрь күнү Сүлүктү ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми арыздануучуга тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды.