Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 бала (аты-жөндөрү такталууда) музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.