Мурас-Ордодогу 13 жаштагы баланын өлүмү. Милиция маркумдун апасынын видео кайрылуусуна жооп берди

Кичүү уулу киши колдуу болгон Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушунун жашоочусу видео кайрылуу жасады. Анын билдирүүсүн журналист Алтынай Арстанбекова жарыялады.

Маркумдун апасы милицияны жалган маалымат таратып жатат деп айыптады. Анын айтымында, кылмышка шектүү делген улуу баласынын сурагы ата-энеси жок жүргүзүлгөн. Ошондуктан тергөө иштери объективдүү жүрбөгөнүн айтууда. Андан тышкары маркумдун апасы милиция чоң өлчөмдөгү бут кийимдин изине көңүл бурбай жатканын белгиледи. Ал президент Садыр Жапаровдон жардам сурап, чыныгы кылмышкерлер эркиндикте жүргөнүн билдирди.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы жабырлануучунун билдирүүсүнө жооп берип, тергөө жана ыкчам издөө иштери учурдагы мыйзамга ылайык жүргүзүлгөнүн айтышты.

«Кармалган 2004-жылы бала туулган мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочунун жана социалдык кызматкердин катышуусунда күнөөсүн мойнуна алды. Ошондой эле күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Тергөө учурунда маанилүү далил буюмдар алынган», — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле ШИИББ трагедиялуу окуяны, адамдардын күйүтүн жасалма резонанс жаратуу үчүн пайдаланбоого, элге туура эмес маалымат таратпоого чакырды.

17-мартта Мурас-Ордо конушунун тургуну үйүнө барып, 13 жаштагы уулунун жансыз денесин тапкан. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталган. Көз жумган бала талма оорусу менен жабыркагандыктан дайыма көзөмөлгө муктаж болгон. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, аны 10-класстагы агасы карап калган. Ата-энеси кайтып келгенде кичүүсү каза болуп, тун уулу үйдө жок болгон. Кийинчерээк ал качып кеткени аныкталган. Өспүрүм камыштардын арасынан табылып, сурак учурунда иниси экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бычак шилтегенин айткан. Шектүү 18-мартта Биринчи май райондук соту тарабынан СИЗО-1 мекемесине камалган. Ал 2 ай камакта болот.