Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү: «5 жылдан кийин оңолуп кетишим мүмкүн»

Сокулук райондук сотунун 26-январдагы өкүмү менен мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү 80 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен 20 жылга эркинен ажыратылды. Сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 2 миллион сом өндүрдү.

Асел Ногойбаеванын жакыны сот шектүүгө акыркы сөз бергенде, соттон аз жаза берүүнү суранган видеосун жарыялады. Видеодон көргөндөй, шектүү «5 жылдан кийин оңолуп кетишим мүмкүн. Ошондуктан ырайым кылып, аз жыл берүүңүздү суранам» деп жатканын угууга болот.