Тиш дарылатып, чарчап калган 3 жашар кыздын жакындары чогулуп, акыйкаттык издей турганын билдиришти. Кыздын чоң энеси анестезиолог эле эмес, тиш доктур да кармалышы керектигин айтты.
«Анестезиолог кармалды. 48 сааттан кийин бөгөт чарасын сот карайт экен. Аны үй камагына чыгарып жиберет деп чочулап жатабыз. Келиним «жинди» болуп калды. Баласын бизге ишенбей калды. Азыр ооруп сүйлөй да албай жатат.
Ал эми тиш доктур жүрөт, бир нерсе десең «боюмда бар» дейт. Кандай жүрөгү жок аял. Мага эне-атасын жиберет. Эмнеге өзү басып келбейт. Ата-эне, туугандарында эмне күнөө? Күнүгө неберем түшүмө кирет»,- деди чарчап калган наристенин чоң апасы.
- Милицияга жаран арызы менен кайрылып, Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы бөлүмдөрдүн биринин медицина кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Себеби, 18-декабрда өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2020-жылы туулган небереси чарчап калганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.
- Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон. Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.