Ноокатта 3 килограммга жакын баңгизат алып жүрүүгө шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине баңгизатты мыйзамсыз колдонуп, сатып жүргөн жарандар тууралуу маалымат түшкөн. Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну Ош шаарында кармалган.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 40, 39, 43 жана 26 жаштагы тургундары кармалган.
Алардын үйлөрүн жана унааларын тинтүү учурунда 2 килограмм 869 грамм өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган заттарга карата соттук химиялык экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар гашиш экендиги аныкталган. Кармалган шектүүлөр Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.