Жалал-Абад облусуна караштуу Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу, Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жергиликтүү бийлик тарабынан аталган айылдын тургундарын коопсуз жайларга эвакувация кылуу чечими кабыл алынды. Учурда Эски-Кочкор-Ата айылынан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланууда. Тактап айтканда, Ноокен районуна караштуу Бостон айылынын 250, Эски-Кочкор-Ата айылынын 50 түтүн туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар тарабынанан өзгөчө кырдалды жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн саат 20:45те АКУ менен 14 куткаруучу чыгып кетти. Райондук Жарандык коргонуу кызматынан 2 автобус, 2 жүктөгүч, 2 экскаватор, медициналык кызматынан 2 тез жардам унаасы, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынан 2 экипаж тартылды. Буга кошумча саат 21:30да №55 ӨКБдөн 8 куткаруучу тартылды. Жалпы 22 куткаруучу иш алып барды.