Ноокен районунда унаа жардан түшүп кеткен. Кырсыкта бир киши дайынсыз болуп, кийин анын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
17-ноябрда Достук айыл өкмөтүнө караштуу Бел жайлоосунда Нива үлгүсүндөгү унаа жардан түшүп кеткен. Унаада Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын 2000-жылы, 1979-жылы, 1977-жылы туулган үч тургуну болгон. 20 жаштагы жаран ошол жерде каза болгон, 41 жаштагы жаран оор жаракат алып Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, ал эми 43 жаштагы жаран дайынсыз жоголгон.
18-ноябрь күнү жалпы 15тей куткаруучу жана туугандарынан 20 адам тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Саат 12:30да куткаруучулар дайынсыз жоголгон адамдын жансыз денесин таап, жардын астынан аркан менен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти.