Кечээ, 9-февраль күнү эртең менен Новосибирск шаарында жайгашкан үйдө газ жарылган. Анын кесепетинен 1993-жылы жана 1978-жылы туулган Кыргыз жарандары жабыркады. Алар ошол үйдө батирде жашашкан.
1993-жылы туулган жигит ууланган, анын абалы орточо оор деп бааланууда, ал Новосибирск шаарынын 34-шаардык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. 1978-жылы туулган аялдын омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, ага операция жасалган.
«9-февраль саат 18:00гө карата каза болгон Кыргыз жарандары тууралуу маалымат жок. Ошол эле учурда жүрүп жаткан издөө-куткаруу иштерине байланыштуу жабыркагандар жана каза болгондордун саны боюнча маалыматтар толукталууда», — деп айтылат маалыматта.