Октябрь РИИБдин мурдагы башчысы Уланбек Аалиевге сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришти.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 23-декабрындагы өкүмүнө ылайык, Аалиев Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү, 343-беренесинин 1-бөлүгү, 343-беренесинин 3-бөлүгү 337-беренесинин 2-бөлүгү жана 137-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш курамы жок болбогондугуна байланыштуу акталды.
Кылмыш Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылындын 2-февралындагы редакциясы) менен күнөлүү деп табылып, 300 миң сом айып салынды. Анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот залынан токтоосуз камактан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу 21-октябрда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Аларга Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.