Орусияда кыргызстандык жол кырсыкта каза болгон. Анын жакындары өз версиясын айтышты

Кыргыз жараны Екатеринбург шаарында каза болду. Орусиялык E1.ru басылмасынын маалыматы боюнча, 27 жаштагы жигит табышмактуу жагдайда каза болгон.

Окуя 3-ноябрда Сортировочный районунда болгон. Ошол күнү кечинде ал жолго чуркап чыгып, автобустун эшигин кармоого аракет кылган, бирок тең салмактуулукту жоготуп, арткы дөңгөлөктүн астына кирип кеткен. Жигит кан жоготуп, ошол жерден каза болгон. Анын өлүмү боюнча ар кандай версиялар бар: айрым күбөлөр кыргызстандык клубдан мас абалда чыгып кеткенин айтышса, башкалары анын артынан кууп бара жатканын айтышууда.

Кыргыз жаранынын бир тууганы жигит өлтүрүлгөн деп эсептейт. Ал белгилегендей, каза болгон тууганы спирт ичимдиктерин ичпейт. Бирок ал ошол күнү кечинде инисинин туулган күнүнө арналган кечеден кайтып келе жатканын тастыктаган. Түнкү саат 1лер чамасында жигит туугандары менен коштошуп, такси күтө баштаган. Бирок маркумдун тууганынын айтымында, Кыргыз жаранын көздөй унаа келген. Анын ичинде үч киши отурган. Анын айтымында, аны алар аны сабап, бычак менен сайышкан. Кыргызстандык алардан качып келе жатып, унаа алдына кирип кеткен.