Орусиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин Ички иликтөө кызматына Орусиянын жараны кайрылып, 20-апрелде кафеден 1 кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатты жабарлануучуга жашыруун таштап, андан соң белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен 315 миң сом акча каражатын алышканын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. 2 кыз мурда соттолгон 2 жарандар жана милиция кызматкерлери менен биргеликте алдын ала сүйлөшүп алышып, баңгизаттарды таштоо жолу менен жарандардан опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Андан сырткары, алар аткара турган ролдорун да бөлүштүрүп алышкан. 26-июнда шектүүлөр кармалган. Учурда ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүшүп, күч түзүмдөрүнүн башка тиешеси бар кызматкерлерин такташууда»,— деп айтылат маалыматта.