Ош облусунда райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалды

Ош облусунун Араван районунда зордуктоо фактысынын корутундусу үчүн акча талап кылгандыгы үчүн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

18-февралда Араван районунун тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча райондук соттук экспертиза бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Анда райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча корутунду бергендиги үчүн акча талап кылган. Шектүү 3 миң сом талап кылып, анын 1 миң 100 сомун алган.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 238-берененин негизинде катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды.