Ош шаарындагы «Алтын» кафеси толугу менен күйүп кетти

Кечээ, 26-июнь күнү Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан «Алтын» кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 17:20да Ош шаардык №13 ӨКБдан 1 бөлүм, 1 авто шаты, саат 17:25те №13 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:35те Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 17:41де №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 18:15те Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Жалпы 7 бөлүм 1 авто шаты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1100 чарчы метрди түзөт. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.