Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 13-январда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча дагы эки адамга бул кылмышка шектүү катары издөө жарыяланды. Бул тууралуу милициядан маалымдашты.
Алар:
1. Чубаков Нурбек, 1991-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2. Абдивали уулу Актилек, 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну.
Бул окуяга байланыштуу кечээ, 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө
Женго деген каймана ат менен таанымал болгон,
Кадыр Досонов кармалып, 3 адамга издөө
жарыяланган эле.