Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен 1980-жылы туулган аял арыз менен кайрылган. Ал арызында шектүү 2019-жылы Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаӊыдан курулушу аяктап жаткан көп кабаттуу үйгө жаӊы лифт алып келип орнотуп берүүнү убадалап, бирок ушул күнгө чейин келишимди аткарбай келгенин айткан. Буюртма берген тарап келишим боюнча акчаларын толугу менен өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө буюртмачы тарапка келтирилген чыгым 95 миң 200 долларды түзөт. Арыздануучу өз арызында шектүү келишимди аткарбастан 4 жылдан бери созуп келгендигин, эки подъездге эски лифттерди орнотконун, анын кесепетинен тез-тез бузулуп, ичинде адамдар калып жаткандыгын, ал эми калган эки подъездге эч кандай лифт алынып келе электигин билдирген. Келишимде 4 подъездге жаӊы лифттерди орнотуу тууралуу келишим түзүлгөн. Ал эми шектүү пандемияда учурунда лифттерди Кытайдан алып келе албай калгандыгын айтууда.
Кара-Суунун акими кармалды. Окуянын чоо-жайы
Кара-Суу районунун акими ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ынтымак айыл аймагындагы жер...