Ноокат районунун мурдагы айыл өкмөт башчысы уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
3-июлда жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында УКМК кызматкерлери тарабынан «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов жетектеген уюшкан кылмыштуу топту каржылоо боюнча мурда иштеп келген туруктуу канал токтотулган.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы топ менен менен көптөн бери кызматташкандыгы тууралуу далилдүү фактылар алынган.
«2008-2021-жылдар аралыгында ал коррупциялык иштерди жүргүзүүгө макулдук алып, кылмыштуу топко системалуу түрдө каржылык колдоо көрсөтүп турган. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү, жасалма түзүмдөрдү түзүү жана өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды чыгарып кетүү боюнча маалыматтар такталган»,— деп айтылат маалыматта.