Ошто ресто-барда зомбулук көрсөткөн шектүү 3 суткага камалды

23-январда Ош шаардык соту тарабынан 1993-жылы Алай районунда туулган Ош шаарынын тургунунун иши каралып, аны 126-берене (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 3 суткага камакка алууга чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Кармалган жаран 5-январда түнкү саат 03:00 чамасында өзүнүн досу менен бирге Ош шаарындагы “Эне-Сай” ресторанынын ресто-барында туулган күн белгилеп отурушуп, ресто-бардын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүп, алардын жеке абийирине шек келтирген сөздөрдү айтып, сөгүп коомдук тартипти бузган.

Бул боюнча кызматкерлер арыз менен милицияга кайрылышкан. Кармалган жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине бир нече жолу тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсу катары турат.