Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан “Россия нефть” менчик базасында кечээ, 3-июль күнү саат 18:20да өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Кара-Суу райондук №102 жана №25 өрткө каршы бөлүктөрдөн 2 күжүрмөн эсеп тилсиз жоо менен күрөшүүгө чыккан. Мындан сырткары №13 өрткө каршы бөлүгүнөн автошаты тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн тынымсыз аракетинен соң аталган кырсык чектөөгө алынып, саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт кырсыгынын кесепетинен бензин сордуруучу насос, оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү авто цистернасы күйгөн. Мындан сырткары 2 адам жаракат алып, медицина кызматкерлерине берилген. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....