Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылында Honda Fit үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, Увам суусуна түшкөн. ӨКМ кырсыктан каза болгондор бар экенин билдиришкен.
«2-июнга караган түнү саат 02:00 чамаларында Озгур айылында жол кырсыгы катталды. Айдоочу Хонда-Фит үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жолго жакын аккан каналга түшүп кеткен. Кесепетинен бул кырсыктан унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Бири 2006-жылы туулган Кара-Суу районунун Ак-Буура мектебинин бүтүрүүчүсү болгон. Экинчиси 2008-жылы туулган жаран Ош шаарынын Алымкулов атындагы орто мектебинин 9-класынын окуучусу болгон. Үчүнчүсү Ноокат районунун тургуну Калдай айылынын 2008-жылы туулган тургуну, ал тууганыныкына барган.
Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, каза болгон 2006-жылы туулган жаран атасына таандык болгон Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз үйдөн айдап чыккан. Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшеруу иштери башталды», — дешти милициядан.