Өз жанын кыйган мугалимдин окуясы боюнча Башкы прокуратура үн катты

Ак-Чий айылындагы мектепте эмгектенген мугалимге эч кандай кысым жасалган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришкенин 24.кг жазды.

Кочкор райондук прокуратурасы жергиликтүү билим берүү бөлүмүндө пландуу текшерүү жүргүзгөнү ырасталды. Анда мугалимдердин дипломдору да текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн алкагында Ак-Чий айылындагы мектептин эки мугалиминин жогорку билими тууралуу документтери боюнча маселе жаралган. Арабаев атындагы университеттен жана Кыргыз улуттук университеттен мугалимдердин бири квалификация алгандыгы тууралуу диплом алган эмес деген жооп келген. 4-мартта ал мугалим прокуратурага суракка чакырылган. Суракта ал тергөөчүгө өзү университетке барып, маалыматты тактап келерин айткан. Жоопту мугалим 9-мартта бермек болгон. Мугалим кайра прокуратурага келген эмес. Жасалма диплом боюнча иш каттоого алынып, материалдар өткөрүп берилген.

Буга чейин башталгыч класстын мугалими диплом текшерүүдөн кийин өз жанын кыйганы маалымдалган. Нарын облустук милициясынан анын Ак-Чий айылынын 1963-жылы туулган тургуну экендигин билдиришкен.