Өзгөндө 200 миң сом пара алууга шектелип салыкчы кармалды. Акча анын чөнтөгүнөн табылган

Салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милиция кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныкташты. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Алынган маалыматка ылайык, Салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган. Салык кызматынын кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган.

Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, 20-декабрда 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жатканда Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалган. Тинтүүдө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акча табылган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.