Өзгөн районундагы №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э.ни ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришкен. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 14-февралда Өзгөн РИИБге 2008-жылы туулган К.Э. денесинен жарат алып аймактык ооруканага түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөгө иштери башталды.