Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышат.
Кытай Эл Республикасынын төрагасынын алдыдагы мамлекеттик сапары бекем достук, өз ара ишеним жана колдоого негизделген кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоодо маанилүү кадам болуп калат.