Abank
SerepTV Logo

Шаардык сот Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды

Шаардык сот Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды
Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралды. Сот Зулпукаровду камакта калтырды. Тактап айтканда, эл өкүлү 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Ал эми Асылбек Жэнбековго байланышкан бүгүнкү соттук отурум бүтө элек. Буга чейин соттук процесске эл өкүлдөрү алып келинбегени үчүн отурум бүгүнкү күнгө, 23-июнга жылдырылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/deputattar-torobai-zulpukarov-menen-asylbek-jeenbekovdun-bogot-charasyn-karoo-boyuncha-sottuk-oturum-jyldyryldy/">жылдырылган. Шаардык соттун имаратынын алдында депутаттардын тарапташтары жана жакындары алардын бошотулушун талап кылып митинг өткөрүп жатышат. Кечээ, 22-июнда бир катар депутаттар Зулпукаровдун баш коргоо чарасын үй" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koz-karash/deputattar-zulpukarovdu-yi-kamagyna-chygaruunu-surandy-2/">үй камагына алмаштырууну шаардык соттон суранышып, кепилдик беришкен болчу. Алар Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу мыйзамсыз экенин билдиришкен. Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ukmk-deputattar-asylbek-jeenbekov-menen-torobai-zulpukarov-korrupcziyaga-shektelip-jatyshat/">жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.