СИЗО-1ге баңгизат, акча жана дары алып кирүүгө шектелип контролер кармалды

Борбор калаадагы СИЗО-1ге тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган контролер кармалды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Мекеменин улук контролеру кызматтык милдетин аткарууга келе жатып, тыюу салынган буюмдарды жашыруун алып өтүүгө аракет кылган. «20 миң сом өлчөмүндө накталай акча; спецификалык жыты бар ак порошок түрүндөгү зат (болжол менен баңгизат) болжол менен 2 грамм салмактагы белгисиз баңгизатынын 14 капсуласы. Бул факты автоматташтырылган маалымат системасынын маалымат журналында катталган. Материалдар сотко чейинки өндүрүш үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Ички иликтөө жүргүзүүдө»,- деп айтылат маалыматта.