Мыйзамдардын талаптарын бузуу менен радиожыштыкты спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоодогу коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат. Бул маалыматты Башкы прокуратура бүгүн, 2-февралда таратты.
«Аталган иштин алкагында 2-февралда Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деп шектелип «Скай Мобайл» ЖЧКнын мурдагы башкы директору Кражан Евгений Викторович кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал аталган ЖЧКнын жетекчиси болуп турганда бул компаниянын кызыкчылыгын көздөп, радиожыштыкты спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоого көмөк көрсөтүү максатында өкмөттөгү жогорку кызматтагы адамга акча бергени аныкталган»,— деп айтылат расмий маалыматта.
Тергөө иштери уланып жатат.