Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында Сокулукта 9 эркек тарабынан зордукталып келген 13 жаштагы кыз боюнча маселе көтөрдү.
«Ал жерде 9-10 эркек деп жатышат. Зордуктаган адамдардын бети жоктугу, милиция иштебегени аз келгенсип, жаш кыздарды отургузуп коюп, «ал кыз өзү тигил жакка барган, бул жакка барган» деген сөз биздин калкыбызда, салтыбызда болбошу керек. Прокуратура каякты карап отурат? 18ге чыкпаган кызга 18ден улуу адам жолобош керек», — деди ал.
- 23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февралда кыз Сокулуктагы мейманканадан табылып, Сокулук РИИБге жеткирилген. Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалган.