Буга чейин социалдык тармактарда №169 кичи автобус менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тараган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен жалпы 24 адам ооруканага жеткирилгенин, 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алардын үчөөсүнүн абалы оор экенин, 1 адам каза болгонун билдиришкен.
Учурда социалдык тармактарда жеринде тартылган видео тарап жатат. Видеодо жүк ташуучу унаанын айдоочусу жай эле келе жатканын айтты. «Жай эле келе жаткам. Саатына 30 чакырым ылдамдыкта келе жаткам»,- деди ал.