Буга чейин социалдык тармактарда №169 кичи автобус менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсыктын видеосу тараган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен жалпы 24 адам ооруканага жеткирилгенин, 4 адам жандандыруу бөлүмүнө түшүп, алардын үчөөсүнүн абалы оор экенин, 1 адам каза болгонун билдиришти. «Калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү»,- дешти.