Сокулуктагы «принц» чырындагы жабырлануучунун кылмышка түрткөндүгү аныкталып, ал камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
2024-жылдын май айында Сокулук айылында 2008-жылы туулган К.Ж. менен 2005-жылы туулган Ч.И. аттуу балдардын ортосунда кастык мамиле жаралып, ага байланыштуу К.Ж. WhatsApp, Messenger аркылуу Ч.И.нин аталаш тууганы 2008-жылы туулган Б.А. аттуу карындашынын уюлдук телефонуна коркуткан билдирүүлөрдү жөнөтүп, байкеси экөөнө кол салаарын айтып, өмүрүнө коркунуч келтирген. К.Ж. 24-июль күнү саат 20:00 чамасында Сокулук айылынын Калинин көчөсүндөгү даректердин бирине Ч.И.ни чакырып бычак менен кол салууга аракеттенип, бирок анын кылмышы ишке ашкан эмес. Бул факты боюнча 2008-жылы туулган К.Ж.га карата Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүгө даярдык көрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө К.Ж. «принц» аттуу жаңжалда бутунан жаракат алып жана ошондой эле ал окуянын келип чыгышына түрткү болгон бычак К.Ж.га тиешелүү экени аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында буюм далили катары WhatsApp, Messenger жана башка социалдык тармактар аркылуу жазган СМСтер алынган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram