Abank_oct
SerepTV Logo

Башкы прокуратура Авазов жана Досмамбетовдун кармалганы боюнча маалымат таратты

Башкы прокуратура Авазов жана Досмамбетовдун кармалганы боюнча маалымат таратты
Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкердик субъекттеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында улуттук коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкерлери Д.К. жана А.К. кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин ЖМКлар УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов менен мурдагы саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетовдун кармалганын жазышкан. 
SEREP MEDIA